Динара Асанова (акын)

Кыргызстандык акын

Динара АсановаКыргызстандык акын. "Акын сапарына кадам" адабий клубунун жетекчиси, "Ак шоола" ырлар жыйнагынын автору. Учурда Орусиянын Екатеринбург шаарында эмгектенет.

Динара Асанова
"Ак шоола" китебинин бет ачар аземинде (2021-жыл)
Төрөлгөндөгү аты:

Динара Ибраимова

Ишмердүүлүк тармагы:

акын

Туулган датасы:

23 -октябрь 1979(1979-10-23) (44 жаш)

Туулган жери:

Ылай-Талаа, Кара-Кулжа району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР, (Кыргызстан)

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Өмүр баяны түзөтүү

Динара Асанова 1979-жылы 23-октябрда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында төрөлгөн. Эки уул, бир кыздын энеси[1].Балалык кези Сай айылында таятасынын үйүндө өткөн. Кичинекей бала кезден жомок уламыш поэзияларды көп жаттап 7 класстан поэзия ыр дүйнөсүнө аралаша баштаган. Биринчи жараткан ыры "Күз келди", "Мектебим", "Көпөлөк" Гезит бетине 1998-жылы жарыяланган. 2001-жылдан тартып адабий гезиттерге ырларын сунуштап чыгарган. Жеке жашоосуна байланыштуу чыгармачылыкта бир топ тыныгуу жасап, 2021-жылы "Ак шоола" атту китеби жарыкка чыккан. 2011-жылдан тартып Орусиянын Екатеринбург шаарында жашап, эмгектенип келет[2].

Китептери түзөтүү

  • Ак шоола (2021)[3]
  • Баалайынчы бактымды жашоомдогу (2021)

Шилтемелер түзөтүү

  1. Super.kg Поэтерапия: "Муз болуп жибий албай көп жылдарга, Жылуулук көп издедим суусап, чаңкап". Super.kg. Текшерилген күнү 25 -май (бугу) 2021.
  2. Кыргыз Туусу N:50 саны. Кыргыз Туусу 14-бет. Текшерилген күнү 14 -июль (теке) 2023.
  3. Динара Асанова "Ак-Шоола" китеби