Диссидент (лат. dissidens - каршы сүйлөгөн, макул эмес) – диндин тарыхынан келип кирген термин. Орто кылымда диссидент деп еретиктерди аташкан. Реформациядан кийин диссидент катары өлкөдөгү негизги динди тутпаган адам эсептелген.

ХХ к. 70-ж. СССРда пайда болгон бул термин өлкөдөгү абалга нааразы болгондорду түшүндүрө баштаган. Диссидент тоталитардык түзүлүштүн кризис мезгилине таандык кубулуш. Репрессия, бир партиялуулук диссиденттерди жок кыла албайт. Эмиграция жолу менен да диссиденттик кыймылды жоюу мүмкүн эмес. Диссиденттик кыймылга негизги максаты инсанды баалоо, анын укугун коргоо экендигин түшүнгөндө ага диний агым да кирген. 1968-ж. «Адам укугун коргоочу демилгелүү группа», Эл аралык амнистиянын советтик бөлүмү (1970-ж.) ж. б. уюмдар түзүлгөн.

Диссиденттердин урааны: коомду демократташтыруу, айкындык, радикалдуу экономикалык реформа ж. б.

Диссиденттиктин негизги формалары:
1. Өкмөт тарабынан тыюу салынган адабияттарды чыгаруу, таратуу (И. Бунин, А. Ахматова, М. Цветаева, А. Солженицын, Р. Медведев, А. Сахаров, В. Гавел ж. б.).
2. Мыйзамсыз айыпталгандарды коргогон, коомдук турмушту чагылдырган «ачык каттарды» жарыялоо (Л. Чуковская, Л. Копелев, В. Войнович ж. б. репрессияланган комиссарлардын балдарынын КПСС БКга каты ж. б.).
3. Демонстрациялар (1965-ж. Бештин айы 5-чи күнү Москвадагы Пушкин аянты, адам укугун коргоо боюнча. 1969-ж. Баш Оона 25-чи күнү Кызыл Аянт, Чехословакияга совет аскерлеринин киришине каршы).
4. 1974-ж. Репрессиялангандардын үй-бүлөсүнө моралдык, материалдык жардам берүү боюнча атайын жардам Фонду түзүлгөн ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8