Дифенилхлорарсин, (С6Н5)2AsCl – мышьяктуу суутек (AsH3) к-тасынын туундусу, мол-дагы суутектин эки атому фенил радикалы, бир атому хлор менен орун алмашуусунан алынган - дифенил мышьяктуу к-тасынын хлор ангидриди болуп саналат; мол. масс. 264,58; түссүз кристалл; балкып эрүү t 38оС, кайноо t 333оС; сууда эрибейт; көпчүлүк орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Щелочтор жана суу менен оңой реакцияга кирет, жеңил окистенет. Д. дифенилмышьяк к-тасынын конц. туз к-тасынын эритмесинде күкүрттүү ангидрид менен калыбына келтирүүдөн алынат:

(C6H5)2AsO(OH)+SO2+HCl ® C6H5)2AsCl+ H2SO4 ;

Д. биринчи дүйнөлүк согушта ууландыруучу зат катары колдонулган. Анткени майда дисперсияланган абалда ууландыргыч түтүн сыяктуу дем алуу органдарын өтө күчтүү дүүлүктүрүп, катуу жөтөлтүп, чүчкүртүп организмдин жалпы ууланышына алып келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү