Домен «дарактары» (Domain trees) – 1) DNS домен аталыштарын индекстөөдө колдонулуучу даражалык система. Ал багыты, түзүлүшү боюнча дисктик эсти уюштурууда файлдык системаларда колдонулган каталогдор «дарагына» окшош болот. Мисалы, дискте сакталган көп файл каталогдор аркылуу логикалык топко биригет. Эгер домен «дарактарынын» бир нече бутагы болсо, ар бир бутакты аталыш мейкиндигиндеги домен аталыштары логикалык топко бириктирип турат; 2) Active Directory ичинде аталыштар мейкиндигин иретке келтирип, эки жактуу ишенимдүү катыштагы бир же бир нече домендин даражалык түзүлүшү. Домендин бир нече «дарагы» бир «токойго» таандык болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1