Дуализм (лат. сөзү duo – эки) ― монизимдин тескерисинче материалдык жана рухий субстанцияларды тең укуктуу башталмалар катары санаган философиялык окуу. Бул окуунун башкы максаты –материализм менен идеализмди бириктирүүгө болгон аракет. Аң-сезимди материядан дуалисттик жол менен ажырымдоо акыры келип, идеализмге алып келет. Дуализм айрыкча Декарт менен Канттын философиясына мүнөздүү. Дуализм психо-физикалык параллелизмдин теориясынын философиялык негизи болуп кызмат кылат.