ДублинИрландиянын борбор шаары. Ирландия аралынын чыгышында, Лиффи дарыясынын чатында жайгашкан. Калкы 1 045 769 киши (2006). Өлкөнүн башкы порту. Эл аралык аэропорту бар.

Дублин
Mór Bhruachbhailte Bhaile Átha Cliath Файл:DublinMontage.jpg
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Ирландия

Жерри Брин

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

841

Биринчи белгиленген

140

Аянты

114,99

Бийиктиктиги

1690

Климатынын түрү

мээлүүн деңиз климаты

Калкы
Калкынын саны

1 045 769 (2006-жыл)

Жыштыгы

227 адам/км2

Агломерациясы

1 700 627

Улуттук курамы

ирланддар (82,8 %),
англичандар (5 %),
башка улуттар (8 %)

Диний курамы

католиктер (81,0 %)
атеистер (7,8 %),
мусулмандар (2 %)

Этнохроним

дублиндик, дублиндиктер

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

0

Телефон коду

+353 1

Почта индекси

D1-18, 20, 22, 24, D6W

http://www.dublincity.ie/

Алгач 3-кылымдан эскерилет. 1922-ж. Эркин Ирландия мамлекетинин, 1949-жылдан Ирландия Республикасынын борбору. Машина куруу (анын ичинде кеме), металл иштетүү, тамак-аш –татымал, текстиль, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Сепил-сарай (учурда Юстиция сарайы, 13-кылым), готика стилиндеги Крайст-чёрч (11–13-кылым) чиркөөсү жана Сент-Патрик (12–14-к.) собору, ратуша сакталган. Бир нече музей (анын ичинде улуттук, заманбап искусство, сүрөт жана башка), китепканалар, университет, Улуттук галерея, королдор музыкасы жана Ирландия королдор академиялары, театрлар (1948-жылдан театр фестивалдары өткөрүлөт) бар. Шаардан 48 км аралыкта Египет пирамидаларынан 700 жыл илгерки Ньюгрэж эң эски кабырстаны сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1