Европа инвеcтиция банкы (ЕИБ) (Europеan Invesеmenе Иank) – Европа экономикалык коомунун (ЕЭК) өкмөттөр аралык финансы-кредит уюму. 1957-жылдын 25-мартындагы Европа экономикалык коомун түзүү тууралуу Рим келишимине ылайык уюштурулган. 1959-жылдан иштей баштаган. ЕЭКке мүчө өлкөлөр банк мүчөлөрү болуп саналат. Люксембург шаарында жайгашкан, ЛондондоРимдеБрюсселдеАфиныдаЛиссабондо бөлүмдөрү бар. Милдеттери: 1) ЕЭКке мүчө мамлекеттердин анча өнүкпөгөн райондорун тез арада өздөштүрүү үчүн узак мөөнөттүү кредит берүү жолу менен көмөк көрсөтүү; 2) жаңы ишканаларды модернизациялоо‚ реконструкциялоо жана курууну кредиттөө; 3) ЕЭКке мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктары үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу. ЕИБ ишмердиги «Жалпы рынок» менен ассоциацияланган өлкөлөргө жайылтылат. Коммерциялык пайда табуу ЕИБдин негизги милдеттерине кирбейт. Кредиттер боюнча проценттик чени орто чендин деңгээлинде белгиленет. Атайын кредиттер жеңилдетилген шартта берилет. ЕИБдин жетекчи жана административдик органдары: башкармалар кеңеши‚ директорлор комитети жана башкармалык. Башкармалар кеңешмесине ЕИБге мүчө ар бир өлкө өз өкүлүн‚ эреже катары‚ финансы министрин дайындайт. Кеңеш кредит саясатынын принциптерин аныктайт‚ ар жылдык бюджетти жана жылдык балансты бекитет‚ уставдык капиталды өзгөртүү тууралуу маселени чечет‚ директорлорду жана башкармалыктын мүчөлөрүн дайындайт. Башкармалык ЕЭБ аппаратын жетектейт‚ директорлор комитетинин чечимдеринин долбоорлорун даярдайт жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1