Европоцентризмилимдин, өнөрдүн, философиянын, адабияттын ж. б. нукура баалуу нарктарынын өсүп – өркүндөшү Европада гана болгон деген концепция.

Европа дүйнө картасында

Европоцентризминин булактары грек – рим маданиятын «варварларга» карама – каршы коюудан башталат. Орто кылымдарда Европоцентризмге католицизмдин идеологиясына таандык болгон; католицизм болсо жердин руханий борбору болуп, Рим жана папалык эсептелет деп караган. Алгачкы буржуазиялык Европоцентризм да диний мааниге ээ болуп, көп учурда Европа өлкөлөрүнүн колониячыл умтулууларын чүмбөттөп келген. Европоцентризминин идеялары Пруссия империясын эркиндиктин жана нукура маданияттын мекени деп эсептеген Гегелдин философиясына, европалык эмес маданиятты теңсинбеген француз тарыхчысы Ж. Мишленин көз караштарына мүнөздүү болгон. Бул концепцияга чыгыш таануучулардын (востокоцентризм) көз карашы каршы туруп,алар Европа маданиятын белимчи, туурамчы, чыгармачыл мүнөзгө ээ эмес маданият катары мүнөздөшкөн.

Азыркы мезгилде дүйнөдөгү ар түркүн чөлкөмдөр экономикалык жактан ыкчам өнүгүп, ар түрдүү маданий жана диний салттардын жакындашуу процессинде Европоцентризминин көйгөйлөрдүн маанилүүлүгүн концепция катары сезүү өзүнүн кескин чектерин жоготту, «алынып ташталды».

Колдонулган адабияттар түзөтүү