Жалпы суроо-талаптын баа эмес факторлору
Жалпы суроо-талаптын баа эмес факторлору - Баа эмес факторлор жалпы суроо-талаптын ийри сызыгын оңго же солго жылдырат.
Бул факторлор Р баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө көз каранды болбойт, бирок алардын таасири менен суроо-талаптын өзгөрүшү келип чыгат, ошондуктан AD ийри сызыгынын оңго же солго жылышы болот.
Жылыштын себептери кандай? Жалпы суроо-талапты негизги Макроэкономикалык окшоштук аркылуу чагылдырууга болот: Ү = C+1+G+Xn Р - const учурунда төрт компоненттин кайсынысынын болбосун өзгөрүшү Үнын өзгөрүшүнө алып келет.
Жалпы суроо-талаптын баа эмес факторлоруна кененирээк токтололу:
а) Төмөнкүлөр өзгөрүлгөн кезде үй чарбаларынын (С) керектөө чыгымдарында өзгөрүү келип чыгат:
- керектөөчүлөрдүн жыргалчылыгы,
- керектөөчүлөрдүн күтүүсү,
- керектөөчүлөрдүн карызы,
- салыктар.
в) Төмөнкүлөр өзгөрүлгөн кезде инвестициялык чыгымдарда (I) өзгөрүү келип чыгат:
- проценттик ставкалар,
- инвестициялардан күтүлгөн пайдалар,
- ишканалардан салыктар,
- технологиялар, * артыкбаш кубаттуулуктар.
c) Мамлекеттик чыгымдардагы (G) өзгөрүү.
d) Экспортун (Х„) таза көлөмүнө чыгымдардагы өзгөрүү:
- чет өлкөлөрдөгү улуттук киреше,
- валюталык курстар.
Кыска мөөнөттүү мезгилде жалпы суроо талаптын өсүшү баалардын деңгээлине таасирин тийгизбестен, чыгаруунун көбөйүшүнө жана иш менен камсыз кылуунун көбөйүшүнө алып келет.
Мындай таасирди 1930-жылдардагы дүйнөлүк кризистин мезгилинде жалпы суроо талапты стимулдаштыруунун мамлекеттик саясаты көрсөттү. Бирок эгерде экономиканын абалы иш менен толук камсыз кылуу абалына жакын болсо, узак мөөнөттүү мезгилде жалпы суроо-талаптын өсүшү чыгаруунун көбөйбөй тургандыгын пайда кылат, анткени мүмкүнчүлүктөр чегине небак жеткен, бул баалардын деңгээлине таасирин тийгизет, б.а. инфляцияны пайда кылат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9