Жаматов Абдыганы (1926-1988) Кырмачы. Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн.

«Тельман» атындагы колхоздо шофер, механизатор, электрик, тегирменчи, куруучу болуп иштеген. Чарбанын экономикалык күч-кубаты үчүн ондогон пайдалуу сунуштарды киргизгени аркылуу «Ардактуу колхозчу» деген наамга эгедер болгон. Абдыганы өзүнчө электр-механизми бар устакана-дүкөн уюштурган. Анын өнөрканасынан чыккан идиштерге бал челек (мунун өзүнчө сүйрү-тегерек түспөлү бар. Беш литр суюктук сыят. Ага каймак-май салууга да болот), жыгач чайнек (мунун да көлөмү, ичтүүлүгү ар кандай. Мында кичине таш чайнектин көлөмү да сакталган. Ага сүт, кымыз куюлат), туз салгыч, мурч салгыч (бал челектин формасы сакталган) өңдүүлөрү кирет. Абдыганынын кармаган аягында жана чөйчөгүндө элдик идиштердин көркөмдүгү өзүнөн өзү баамдалып турат. Алардын көлөмү - ичтүүлүгү ар кандай. Муну кештелөөдө бөтөнчүлүгү бар. Кооздугу, колго токтомдуулугу менен идиш ба алуу көрүнөт. Чебердин ар түрдүү түспөлдө жасаган табагында да салттуу узануучулук туюлат. Мында электр-механизм пайдаланылып жаткандыктан ага ылайык кырмачы да өзүнчө түспөл табууга изденүүчүлүгү билинет. Анын колунан жаралган буюмдар айыл ичиндеги турмуш-тиричиликке кирүүдө. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы». Жыгач буюмдары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын областтык кароо-сынагы». Кырма идиштери үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Кырма идиштери үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0