Жатаканалуу мектеп - , мектеп интернат (лат. интернус – ички) – жалпы билим берүүчү мектептердеги жатакана.

Кыргызстанда 1960-жылдардын башында ачыла баштаган Жатаканалуу мектеп ар кыл категориядагы балдар үчүн курулушу мүмкүн, алар жетимдер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, дене бой жана акыл жагынан аялуулар, ар кыл жагдайлардан улам мамлекеттин жардамына муктаж болгондор, о. эле балдардын мектепке келиши оор болгон татаал аймактарда жашагандар кирет.

Жатаканалуу мектеп мамлекеттин же жеке сектордун эсебинен каржыланышы мүмкүн. Мектептин жана мектептен тышкаркы тарбиянын функциясын аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,