Жаңы-Жол корукчасы
Жаңы-Жол корукчасы – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Ат-Ойнок кырка тоосунун түштүк-батыш капталында, Манубалды жана Ак-Жол сууларынан Токтогул районунун чек арасына чейинки тоо капталдарын ээлейт. Аянты 30,0 миң га. Азайып бараткан элик, тоо эчки, улар, чүткөр жана башкаларды коргоо жана көбөйтүү максатында уюшулган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5