Жаңы-Ноокат, Ноокат району
Жаңы-Ноокат — Кыргызстандын Ош облусунун Ноокат районундагы айыл. Жаңы-Ноокат айыл аймагына кирет. Кичи Алай тоо кыркасынын этегинде, Чили-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1490 м бийикте жайгашкан. Райондун административдик борбору — Ноокат шаарынан 10 км батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км.
Айыл | |
Жаңы-Ноокат | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
облус |
Ош облусу |
If: |
Ноокат району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Кыштак 15-кылым ченде пайда болгон.
Калк түзөтүү
Калкы — 21 049 киши (2009-жылы), негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал чарбасы менен алектенет.
Инфратүзүм түзөтүү
Эки орто мектеп, китепкана, клуб, соода түйүндөрү, дарыканалар бар. Бир АК, 2 ФАП, төрөт үйү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Кыштактын түштүк тарабында таштагы байыркы жазуулар сакталган[1].
Булактар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.