Жаңы солчулдар – 20-кылымдын 50–70-жылдарындагы батыш өлкөлөрүндөгү (Франция, АКШ, ФРГ, ГФР) негизинен интеллигенция менен студенттердин арасында пайда болгон ар кыл солчул радикалдык идеялык агымдар менен саясий кыймылдардын жыйындысы.

Жаңы солчулдар концепцияларынын негизине Г. Маркузенин, анархизмдин жана троцкизмдин идеялары коюлган. Жаңы солчулардардын ультрасолчул топтору улуттук азчылыктар жана люмпендерге таянуу менен террордун жардамы аркасында батыш коомундагы карама-каршылыктарды «күчөтүүгө», «уктап жаткан массаларды» ойготууга жана көңтөрүшчүлүк жагдайды түзүүгө умтулушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү