Жекесан
Жекесан — 1) эпосто баатырлардын кооздолуп жасалган өтүгү: "Жекесан бутта чойкоюп, Желектүү найза койкоюп" (Сагымбай Орозбаков, 2. 53); 2) кербен баштаган атан төөгө тагылган коңгуроо: "Коңгуроолуу кара нар колго көчү барабар". Ж. кыргыздарда музыкалык аспап милдетин да аткарган: "Жебилгеси жер чийип, жекесаны баш жарып" (Сагымбай Орозбаков, 2. 157). Мындай аспаптар октавага күүлөнгөн; көлөмүн чоңойтуп, үнүн төмөндөтүүгө, кичирейтүү менен бийиктетүүгө жетишилген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|