Жон Гриффит "Жек" Лондон (англ. Jack London; туулганда берилген аты: Жон Гриффит Чейни; 1876-жыл 12-январь — 1916-жыл 22-ноябрь) — америкалык жазуучу, журналист жана коомдук ишмер болгон. Ошол учурда өнүгүп жаткан коммерциялык журналдардагы көркөм чыгармалар дүйнөсүнө чыйыр салган Лондон фантастикалык, анын ичинде илимий фантастикалык чыгармалары менен эле дүйнөлүк атак-даңкка жетип, ири киреше тапкан.

Жек Лондон
Төрөлгөндө берилген аты: John Griffith Chaney
Туулган жылы: 1876-жыл 12-январь (Үчтүн айы)
Туулган жери: Сан-Франциско (Калифорния)
Өлкө: АКШ желеги АКШ
Каза болгон: 1916-жыл 22-Ноябрь (Жетинин айы)
Ишмердүүлүгү: Жазуучу
Жанры: Саякат адабияты
Дебюту: Жапон жээгиндеги тайфун
Кол тамгасы:

Анын атактуу чыгармаларынын айрымдары "Жапайылардын чакырыгы" (англ. The Call of the Wild) жана "Ак тиш" (англ. White Fang) болуп саналат. Эки чыгармасы тең Клондайк аламан алтын учурундагы окуяларды чагылдырган. Ошондой эле ал "От жагуу" (англ. To Build a Fire), "Түндүктүн Одиссейи" (англ. An Odyssey of the North) жана "Жашоону сүйүү" (англ. Love of Life) аңгемелерин жазган. Андан тышкары Лондон "Парлея бермети" (англ. The Pearls of Parlay) жана "Бутпарастар" (англ. The Heathen) сыяктуу аңгемелеринде Тынч океандын түштүгү жөнүндө жана "Деңиз карышкырында" (англ. The Sea Wolf) Сан Франциско булуңу тууралуу жазаган.

Лондон Сан Францискодогу "Топтошкондор" аттуу радикалдуу адабий топтун мүчөсү болуп, эмгекчилердин биримдигин, социализмди жана жумушчулардын укугун берилип коргогон. Лондон ушул темаларды камтыган бир нече күчтүү эмгектерди жараткан. Алардын арасында "Темир согончок" (англ. The Iron Heel) дистопиялык романы жана "Туңгуюк адамдар" (англ. The People of the Abyss) менен "Класстардын согушу" (англ. The War of the Classes) аттуу нон-фикшн репортаждары бар.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Американын прогрессивдүү жазуучусу Жек Лондон Калифорния штатынын чоң порттуу шаары Сан-Францискодо, жарды фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучунун балалык чагы учтан-түпкө кысымчылыкта жана жакырчылыкта, кыскасын айтканда, кыйынчылык шартта өткөн. Жазуучулук даражага жеткенге чейин ал ар түрдүү кесипти башынан өткөргөн. Ал 11 жашында көчө кыдырып газета сатты, андан соң балык уулады, консерва заводунда, кендир ийрүүчү фабрикада жана кир жуучу жайда жумушчу болуп иштеди, матрос болуп Япония менен Арктиканын жээктерине чейин сүзүп барды жана репортёрлук кызматты аткарды, жумушсуз калгандыгы үчүн түрмөгө да түштү.

Лондондун уй-булосу жумушчу тобуна киргенине карабастан, эмгектеринде озу басым кылганчалык кембагал болбошу мумкун дешет. Ал туулган үй, 1906 жылкы Сан-Франсиско зилзаласында күйүп кеткен. Лондон эч кимдин жардамысыз сабатсыздыгын өзү жойгон.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Жек Лондондун апасы Флора Велмен музыка мугалими болчу [1]. Атасы Виллиам Чейни болсо астролог эле.

Балалыгы түзөтүү

 
9 жашар Жек, Ролло аттуу ити м-н, 1885-жыл.

Ал 9 жаш курагында Оуиданын коломдуу романы Сигнаны(Signa) таап алып,окуп чыгат. Адабиятта жолдуу болушун ал так ушул китептен деп белгилейт. 1886-жылы ал Оакланд Коомдук Китепканасына барып, ал жерде иштеген Ина Кулбрит деген айымдын сүрөөсү м-н коп китеп окуй баштаган.

Коп жылдар бою селсаяк болуп ж-а денизде саякат кылып жургондон кийин Оакландга кайтып келип, Оакланд орто мектебин аяктаган. Ошол эле мектепте чыккан The Aegis журналына бир канча эмгегин жарыялаган. Денизде саякаттап жургондо башынан откоргон окуялардан турган Жапон жээгиндеги тайфун деген очерки биринчи жолу басылып чыгып, конкурста сыйлыкка ээ болот. Мына ушул окуя аны адабий чыгармачылык жөнүндө олуттуу ойлонтот. Бирок, дасыган жазуучулук наамга жетиш үчүн ал көп кыйынчылыктарга дуушар болуп, көптү өз көзү менен көрдү.

Лондон экзаменге копко даярданып 1896-жылдын жайында Беркелейдеги Калифорния Университетине жазылат. Финансылык жактан мумкунчулугу жетпей 1897-жылы университетти таштап салат. Ошентип ал кайра кайсы бир университеттин босогун экинчи жолу аттаган эмес. Беркелейде жургондо студенттик журналдарга жазып жазбагандыгы жонундо маалымат жок.

Алгачкы ийгилиги түзөтүү

1896-жылы Аляскадагы Клондайкадан алтын табылып, миң сандагандар дүнүйө-мүлк издеп, ошол жакка чубурушту. Алардын ичинде Жек Лондон да бар болчу. Бирок, бир жылдан кийин ал сыркоолоп, кур кол кайра үйүнө кайтты. Анткени менен бул «саякат» келечек жазуучуга бир топ пайдалуу материалдарды берди. Жек Лондон алтындын зээри азгыргандардын кулк-мүнөзүн, ал жерде жашаган элдердин үрп-адаттарын, арктикалык каардуу жаратылышты, адамдардын аны менен болгон күрөшүн баяндаган бир топ чыгармаларды жазган. Аларда «америкалык жазуучу Жек Лондон, буржуазиялык дүйнөдөгү алтынга аябай берилген, алтын дегенде ааламдын аркы четине чейин боортоктоп жылып барууга даяр турган кишилердин мүнөздөрүн ачык-айкын сүрөттөп көрсөткөн.[2]

1899-жылдан баштап анын Түндүк жөнүндөгү аңгемелери биринен-сала бири жарыкка чыга баштады. Ал негизинен Түндүк жана Океания аралдары жөнүндө бардыгы болуп 152 аңгеме жазган. Мына ушундан кийин Жек Лондондун жазуучу катары атагы чыга баштаган. Бул чыгармаларда жазуучу күчтүү, кысымчылыкка чыдамкай, кажардуу адамдарды сүрөттөгөн.

Саясий көз карашы түзөтүү

Жек Лондон жер кыдырып, эптеп жан багып жүргөн кезинде эле социалисттик адабият менен, көбүнчө Карл Маркстын эмгектери менен таанышкан. Кийин аларга кызыгуусу көбөйүп, улам терең үйрөнө берет. Натыйжада ал жумушчулардын революциялык кыймылдарына ыктап, Американын социалисттик жумушчулар партиясына мүчө болуп кирет. Жогорку идеялуу чыгармаларды автор дал ушул мезгилдерде жазган. Бирок Жек Лондон аягына чейин социалист бойдон калган эмес(кала алган эмес).Буржуазиялык индивидуалисттик идеологиядан толук бошонуу жана революциялык пролетариаттын көз карашын түп көтөрө жактоо анын колунан келе алган жок. Мына ошондуктан анын саясий көз карашы жана чыгармачылык жолу да өтө карама-каршы. Капиталисттик коомду тартынбай ашкерелеген, көркөмдүк жагы жогору деңгээлде турган реалисттик чыгармалары менен бирге,бул тармактагы коптогон жазуучулардай эле Джек Лондондун да чыгармачылыгында буржуазиялык идеология жык толгон начар жана жасалма очерк, романдары да орун алган дешет талдоочулар.

Өлөрдөн бир нече ай мурда Лондон социалисттик партиянын катарынан чыгып кетет. «Менин социалисттик партиядан чыгып кеткенимдин себеби — ал күрөштөн баш тартты... Жумушчу табы өзүнүн күрөшү жана душман менен келишпестиги астында өзүн бошото алат го деп ойлогон элем. Бирок, Кошмо Штаттардагы бардык социалисттик кыймылдар кийинки жылдарда келишүүчүлүк жолго түшүп кетти, ошондуктан мен партиянын мүчөлүгүнөн оолак турууну туура таптым», — дейт жазуучу. Чынында эле ошол кезде Америкадагы социалисттик партия оппортунисттик жолго түшүп кеткен.

Чыгармачылыгы түзөтүү

1905 — 1910-жылдар — Жек Лондондун чыгармачылыгынын гүлдөп, эң жогорку деңгээлге өсүп жеткен мезгили. Бул жылдары Лондон АКШнын жумушчулар кыймылынын, 1905 — 1907-жылдардагы орус революциясынын жана М. Горькийдин чыгармачылыгынын таасири астында өзүнүн көлөм жана идея жагынан зор чыгармаларын — «Темир бут», «Мартин Иден», «Ак азуу», «Таптардын күрөшү», «Революция» жана башкаларды жазды. Бул чыгармаларда жазуучу негизинен капитализм коомунун чирип, ойрон болуп баратканын, революциянын жакындап калганын жана пролетардык революцияга карата өзүнүн көз карашын жазат. Жек Лондонго чейин Американын адабиятында, бул сыяктуу революцияга жана пролетариатты биригүүгө ачык жана чечкиндүү чакырган чыгармалар болгон эмес.

Библиографиясы түзөтүү

Роман ж-а повесттери түзөтүү

 
Жек жүк ташыган вагондун астындагы темирлерге жабышып алып жол жүрчү, 1907-жыл.
 
Лондон өлгөн үй, 22-ноябрь, 1916-жыл.
Аталышы Кыргызчасы
A Daughter of the Snows (1902)
The Call of the Wild (1903)
The Kempton-Wace Letters (1903) Кемптон-Уэйстин каттары
The Sea-Wolf (1904)
The Game (1905) Оюн
White Fang (1906) Ак азуу
Before Adam (1907) Адамга чейин
The Iron Heel (1908) Темир бут
Martin Eden (1909) Мартин Иден
Burning Daylight (1910)
Adventure (1911)
The Scarlet Plague (1912)
A Son of the Sun (1912)
The Abysmal Brute (1913)
The Valley of the Moon (1913) Ай Өрөөнү
The Mutiny of the Elsinore (1914) Элсинордогу Тополоң
The Star Rover (1915)
The Little Lady of the Big House (1916) Чоң Үйдүн Кичинекей Айымы
Jerry of the Islands (1917)
Michael, Brother of Jerry (1917) Майкл, Жерринин агасы
Hearts of Three (1920) Үчөөнүн Жүрөгү

Аңгемелери түзөтүү

Жек Лондон 200 дон ашык aңгемелери жазып, 16 жыйнакта топтогон.

  • Son of the Wolf (1900) Карышкырдын Баласы
  • The God of His Fathers(1901)
  • Children of the Frost (1902) Ызгаардын Балдары
  • The Faith of Men (1904)
  • Moon-face (1906)
  • Love of Life (1907) Өмүр Кызык(жеткиликсиз шилтеме)
  • Tales of the Fish Patrol (1906)
  • Lost Face (1910) Жоголгон Бет
  • South Sea Tales (1911) Түштүк Деңизи Икаялары
  • When God Laughs 1911) Кудай Кулгондо
  • The House of Pride (1912)
  • Smoke Bellew (1912) Беллю Тутуну
  • A Son of the Sun (1912) Кундун Уулу
  • The Night Born (1913)
  • The Strength of the Strong (1914) Күчтүүлөрдүн Күчү
  • The Turtles of Tasman (1916) Тасмандын Ташбакалары

Козу откондон кийин басылган aңгемелери :

  • The Red One (1918) Кызыл
  • On the Makaloa Mat (1919)
  • Dutch Courage (1922)

Башка Чыгармалары түзөтүү

  • The Road (1907) Жол (автобиографиялык очерк)
  • John Barleycorn (1913) Жон Барлейкорн (автобиографиялык очерк)
  • The People of the Abyss (1903) (эссе)
  • Revolution, and other Essays (1910) Революция (эссе)
  • The Cruise of the Snark (1911) (эссе)
  • The Theft (1910) Уурулук (пьеса)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Wellman, Joshua Wyman Descendants of Thomas Wellman (1918) Arthur Holbrook Wellman, Boston p. 227
  2. Н. С. X р у щ е в. СССРдин эл чарбасын 1959 — 1965-жылдарда өнүктүрүүнүн контролдук цифралары жөнүндө КПССтин кезексиз XXI съездинде жасаган доклады. Кыргызмамбас. 1959-ж., 56-бет.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү