(Buses- Шины) деп биттер жиберилүүчү ар кандай зымдардын тобу аталат. Мурда айтып өткөндөй, компьютер берилиштерди электрондук биттердин тобу түрүндө сактайт жана иштетет. Биттер электр импульсу тү-рүндө компьютер схемдеринин ичиндеги жолдор аркылуу берилип турат. Жолдордун айрымдарын зымдар, айрымдарын схемдик такталар же микросхемдин ичинде орнотулган өткөргүч зымдар түзөт. Жолчолор биттерди киргизгич түзү-лүштөн эске, эстен борбордук процессорго, борбордук процессордон эске, эстен чыгаргыч же сактагыч (эске тутуу) түзүлүштөрүнө жиберүүдө колдонулат. Айрым жолчолор сактагыч түзүлүштөрдүн даректери үчүн, сигналдар жана берилиштерди башкарууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

У. Н. Бримкулов, А.Өмүралиев, В.Бабак.
Компьютер жана Интернет. Энциклопедиялык окуу куралы
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек - 2004.