Жол белгилери жана көрсөткүчтөрү

Жол белгилери жана көрсөткүчтөрүжолдо жүрүүчүлөргө (унаа айдоочу жана жөө жүрүүчүлөр) жолдо жүрүү шарты, жүрүү маршруту жөнүндө маалымат берүүчү белгилер жана жазуулар. Алар белгилүү түстө, формада жана чоңдукта жасалып, көчөнүн, жолдун, магистралдардын боюна, жүрүү багытынын оң жагына орнотулат. Автомобиль кыймылы боюнча Париж конвенциясында (1909) төрт (жолдун кесилиши, темир жол кесилиши, ийри-муйру жол, өңгүл-дөңгүл жол) эскертүүчү белгиси бар алгачкы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө макулдашуу кабыл алынган. Кийинки конвенцияларда улам толукталып, Венадагы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө конвенциянын (1968), Женевадагы Европалык макулдашуунун (1971) талабына ылайык мамлекеттик стандарт иштелип чыккан жана ага ылайык 4 топко бириктирилет: эскертүүчү, тыюу салуу, милдеттендирүүчү, нускоочу белгилер, кээде кошумча кабарлоочу белгилер орнотулушу мүмкүн. Эл аралык концепциялардын жол кыймылы, белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттын талаптарын эске алуу менен КРдин Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы токтомунун редакциясына ылайык КРдин жол белгилери жана көрсөткүчтөрү 7 топко бөлүнгөн. Эскертүү белгилери: кызыл жээктүү сары үч бурчтук – алдыдагы жолдун опурталдуулугун жана ага карата чара көрүү зарылдыгын унаа айдоочуга эскертет. Тыюу салуу белгилери: жердиги ак, кызыл жээктүү сары тегерек – транспорттун айрым түрлөрүнүн жүрүшүнө тыюу салат же белгилүү чектөө менен жүрүү керектигин эскертет. Милдеттендирүү белгилери: жалпы белгиси көк тегерек – белгилүү жакты көздөй, белгилүү ылдамдыкта жана транспорттун тийиштүү түрүнүн гана жүрүүсүнө уруксат кылынат. Маалыматтык - жол көрсөтүү белгилери: көк, сары түстөгү чарчы – жолдун аралыгын, калктуу жерлерди, транспорт токтоочу жайды, кыймылдын урксат берилген багытын жана башка көрсөтөт. Сервис белгилери – тийиштүү объектилердин жайгашуусу жөнүндө маалымдайт. Кошумча маалымат белгилери (табличкалар) – белгилердин колдонулушун тактайт же чектейт. Булардан сырткары транспортту айрып таануучу белгилер өзүнчө топко бириктирилген. Бардык белгилерге түнкүсүн жарык берилет же жарык чагылтуучу материалдан жасалат жана 100 м аралыктан көрүнүшү керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1