Жору, уруу
(«Жору» барагынан багытталды)
Жору - оң канаттагы, Адигине уруулук тобуна кирген теги байыркы ири уруу. Уруунун аталышы кыргыздардын эзелки тотемисттик ишенимдерине байланыштуу келип чыккан. Бул уруунун өкүлдөрү Кара-Кулжа, Алай, Өзгөн, Араван, Ноокат, Кара-Суу, Чыгыш Түркстандын (КЭР) аймактарын эзелтеден байырлап келишет.
Уруктар түзөтүү
Негизги уруктары: Ай тамга, Ача тамга, Кожо, Тасма, Беш абышка, Калдай, Жакып, Элчибек, Чайчы, Котурак, Барак, Ийрек, Теңизбай, Эсепке, Кучкач, Калча, Каракунас, Булаш жана башкалар.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|