Жужандар, жуан–жуандар, жуйжуйлар, жужулар – 3–6-кылымда Манжуриядан Түркстанга чейинки талаа тилкелеринде жашаган көчмөн уруу союзу. Кытай жазма булактарында жужандардын келип чыгышы тууралуу туруктуу маалымат жок. Жазма тарыхый булактарда жужандардын келип чыгышы тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтар өкүм сүрөт: 1. көчмөн духу элинин тукумдары; 2. сюннулардын (хунндардын) бир уруусу. Батыш изилдөөчүлөрү жужандарды түрктөр деп эсептеп, аварлар менен байланыштырышат, япон окумуштуулары жужандарды протомоңголдор деп эсептешет. Кээ бир орус окумуштуулары жужандарды моңгол тилинде сүйлөгөн калк деп божомолдошот. 5-кылымдын 2-жарымында жужандар Турпан ойдуңун басышып, Гаочан мамлекеттин негиздешкен. 6-кылымдын башында жужандар түрктөрдү Чыгыш Түркстандан Алтай тоолорунун түштүк тарабына көчүрүлгөн. Себеби, түрктөр жужандарга формалдуу көз каранды болуп, гаоцзюй динлиндерине (теле) каршы согушка катышкан. Ушул кагылыштан соң Чыгыш Теңир-Тоодогу байыркы кыргыздар Енисейге жер которуп, енисей кыргыздарынын тарыхы башталат. Бумын кагандын учурунда түрктөр жужандарга каршы чыгып, алардын мамлекеттин талкалайт. Ушул мезгилден байыркы түрк империясынын жаңы тарыхы башталат. Борбордук Енисейде кыргыздардын мамлекети уюшулат. Жужандардын бир бөлүгү Түндүк Кореяга, Кытайга качкан, башка бөлүгү батышка ооп, кийин авар деген аталыш менен белгилүү болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)