Орион жылдыздар чогулмасы

Кыскача түшүндүрмө түзөтүү

Жылдыздар чогулмалары - тартылуу күчтөрү жана жаралуу жалпылыгы менен байланышкан жылдыздар тобу; алардын саны бир нече ондогондон жүз миңдеген жылдыздарга чейин жетет.

Жылдыздар чогулмалары чачыранды жана шар түрүндө болот.

Чачыранды жылдыз чогулмасы ондогон, жүздөгөн жылдыздарды бириктирип, өлчөмдөрү бир нече парсекти түзөт. Алар Галактиканын экватор тегиздигинде топтолгон. Химиялык курамы боюнча Күнгө жана галактиканын дискасындагы башка жылдыздарга окшош. Чачыранды жылдыз чогулмасына Букачардын Үркөр жана Гиаддары кирет. Биздин Галактикада миңден ашык жылдыздар чогулмалары бар, бирок алар 20 эсе көп болушу мүмкүн.

Шар сымал жылдыздар чогулмалары жүз миңдеген жылдыздардан турат. Жылдыздар борбордо топтолуп, сфералык же эллипстик формада болот. Өлчөмдөрү 100 –200 пкче. Шар сымал жылдыздар чогулмалары Галактиканын борборуна жакын жайланышкан. Жерге салыштырмалуу ылдамдыгы 100 км/сек гелийдин оор элементтери аз болгондугу менен чачыранды жылдыздар чогулмаларынан айырмаланат. Галактикада азыр 130дай шар сымал жылдыздар чогулмалары белгилүү, бардыгы 500дөй болушу мүмкүн.

Жылдыздар чогулмаларынын кыймылы түзөтүү

Жылдыздар чогулмалары Галактика борборунун айланасында кыймылдайт. Чачыранды жылдыздар чогулмаларынын Күнгө салыштырмалуу кыймыл ылдамдыгы анча чоң эмес (орточо 20 км/сек), шар сымал жылдыздар чогулмаларыныкы алда канча чоң (орточо 170 км/сек). Жылдыздар чогулмаларынын ядросундагы жылдыздардын жакындашы алардын кыймыл энергиясынын алмашуусуна алып келет. Ушунун негизинде жылдыздар чогулмаларынын кээ бир мүчөлөрү ашык энергияны алат жана таажы аймагына өтөт же чогулмадан такыр чыгып кетет. Ядро бул учурда кысылат. Ядронун диссипация процесси мүчөлөрү аз чогулмаларында, башкача айтканда чачыранды чогулмаларда өзгөчө тең өтөт. Ошондуктан биздин Галактикадагы эски чогулмалардын эң массивдүүлөрү, б.а. шар түрүндөгү чогулма гана сакталып калган. Мүчөлөрүнүн өздүк кыймылдарында перспектива кубулушу байкалуучу, Күндө эң жакын турган чогулма (мис., Гиаддар) кыймылдоочу чогулмалар деп аталат (перспектива – өздүк кыймылдардын багыттарын асман сферасында улантканда өз ара кесилишет дегенди билдирет). Кыймылдоочу жылдыз чогулмасы аралыктарын аныктоодо өзгөчө мааниге ээ, себеби аларга чейинки аралыкты жөнөкөй геом. ыкма м-н табууга болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек.
Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов.