Жылдыз динамикасы, жылдыздар системасынын динамикасы - жылдыз астрономиясынын бөлүмү; ал жылдыздар системасынын гравитация талаасындагы кыймыл закондорун жана жылдыз системасынын эволюциясын изилдейт.

Галактикада жылдыздардан башка чаң жана газдар да бар. Алардын кыймылын гравитациялык күч менен гана аныктабастан, жарыктын басым күчү, жылдыздар системасындагы магнит талаасынын күчү менен да аныкташат. Жылдыз динамикасынын башкы милдети - жылдыздардын кыймылын изилдөө өнөр жайында жылдыз системасынын негизги тиби - галактика, айрыкча биздин Галактика, ошондой эле шар түрүндөгү жана чачыранды жылдыз чогулмалары, эселүү жылдыздар, галактикалык чогулмалар изилденет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.