Жылуулук электр станциясы

Жылуулук электр станциясы - жылуулук кыймылдаткычтар менен кыймылга келтирилген генераторлор аркылуу электр энергиясын иштеп чыгуучу ишкана. Алгачкы жылуулук электр станциясы 1882-жылы Нью-Йоркто, ал эми 1883-жылы Петербургда, 1884-жылы Берлинде курулган. Органикалык отун күйгөндө пайда болгон химиялык энергия жылуулук электр станциясынын жылуулук булагы болуп эсептелет. Ал колдонулуучу отундун түрүнө жараша катуу, суюк, газ жана аралаш отундуу; жылуулук кыймылдаткычынын түрү боюнча буу турбиналуу (баралуу), газ турбиналуу (баралуу) жана ичинен күйүүчү кыймылдаткычтуу; берүүчү энергиянын түрүнө жараша конденсациялуу электр станциясы жана жылуулук электр борборлору (теплофикациялуу) жана башка болуп бөлүнөт. Жылуулук электр станциясынын бир түрү катары атомдук, гелиоэлектрдик, геотермалдык электр станциялар эсептелет. Жылуулук электр станциясынын электр жабдууларына ток генератору, бөлүштүргүч түзүлүш, жогорулаткыч подстанция, текшерүү жана башкаруу куралдары, ошондой эле жардамчы түзүлүштөр кирет. Азыркы учурда кубаттуулугу 5-6 ГВт болгон жылуулук электр станциялары курулууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү