Жээк бекитүүчү курулма
Жээк бекитүүчү курулма - көлмө жээктерин суу толкуну жана агымы, муз басымы жана башка жаратылыш факторлорунун талкалоочу аракеттеринен сактагыч. Жээк бекитүүчү курулма суунун агымы менен өз ара аракеттенишүү түрү боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт: активдүү суу агымынан сайроондорду жана жээктеги шилендилерден сактайт (дарыяларда туурасынан кеткен жөнгө салынуучу тосмолор, агымды багыттагыч калканчтар; деңизде жана көлдө шиленди тосуучу дамбалар, толкун баскычтар) жана пассивдүү суу агымына туруштук бере турган бышык конструкциялар (деңизде толкун тоскуч дубалдар, ири блоктор жана фигуралуу массивдер; дарыяларда таш тосмолор, бетон жана темир-бетон такталар).
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5