Издөө системалары (компьютерде)

Издөө системалары (компьютерде) - колдонуучунун талабына ылайык интернет сайттарына шилтеме сунуш кылуучу система. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) издөөчү машина (Spider, Crawler, Robot) Web-сайттарга кирип, ал камтыган маалыматтарды окуган жана индекстеген, ошондой эле шилтеме боюнча жылган программа; 2) издөө системаларынын индекстерин издөөчү машина индекстеген барактардын тексттик көчүрмөлөрү сакталган маалымат сактагычы; 3) колдонуучунун талабына ылайык маалымат издеген жана табылган документти ага берген издөө системанын индекстерин которуштурган программа.

Колдонулган адабияттар түзөтүү