Иллюминатор ( лат. illuminator - "жарыктандыруучу") - кеменин корпусунун капталындагы, дубалындагы же үстүнкү палубадагы тегерек же тик бурчтуу терезе. "Иллюминаторлор" деп адатта тегерек формада келген ,айнектелген, суу астындагы кемелердин жана космостук кемелердин терезелери да аталат .

Эски жез иллюминатор
Сергей Крикалев "Жылдыз"модулунун терезесинин фонунда

Тарыхый жактан иллюминатордун тегерек формасы көп тарагандыгынын себеби, тегерек тешик ал бекитилген структурага (дубалга )азыраак зыян берүүсү, ошондой эле тегерек тетиктерди жасоонун технологиялык жөнөкөйлүгү (мурда иллюминатордун рамалары куюлган жезден жасалган) менен шартталган. Учурда тик бурчтуу иллюминаторлор да кеңири таралган. Иллюминатор суу өткөрбөйт . Деңиздеги катуу толкундан коргонуу үчүн иллюминатордо көбүнчө металл капкак же атайын алынуучу калкан орнотулушу мүмкүн.

Кеме иллюминаторунун түзүлүш варианттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • ачылуучу жана ачылбаган (бекемделген) айнектелген иллюминаторлор
  • металл капкагы бар иллюминаторлор
  • сууну тазалоо үчүн электр кыймылдаткычы менен иштетилген тегерек айнектүү иллюминаторлор
  • кар жана муз тазалоо үчүн жылыткычтуу иллюминаторлор

Космостук иллюминаторлор түзөтүү

 
Заманбап иллюминатор

Космонавтикада иллюминаторлор орбиталык станцияларда, космостук кемелерде жана жерге түшүүчү аппараттарда колдонулат.

Алар 200 градус температуранын тынымсыз тез өзгөрүшүнө туруштук бере ала турган , көп катмарлуу айнектен жасалган, вакуумга туруктуу резина менен бекемделген .

Биринчи космос терезелери Авиация өнөр жай министрлигинин Обнинсктеги авиациялык айнек илим изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан. Эң биринчи адам башкарган космостук, гагариндик Восток-1 кемесинде 3 иллюминатор болгон.

2010-жылдан бери эң чоң космос терезеси америкалык МКС сегментинин италияда курулган "Купол" модулунун борбордук терезеси болуп калды. Ал калыңдыгы 10 см болгон кварц айнектен жасалып, диаметри 80 см келет . Аксиома сегментинде андан да чоңураак иллюминатор жасалуусу пландалууда.

Эскертүүлөр түзөтүү