Иманов Капар (1920, Кемин району, Бейшеке кыштагы - 1995, ошол эле жер) - айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери, Социалистик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. Пржевальск педагогикалык институтун бүткөн (1941). 1946-69-ж. партиянын Кемин, Аламүдүн райкомдорунун секретары, Ивановка, Кант райкомдорунун 1-секретары 1969-73-ж. 22-партсъезд атындагы колхоздун башкармасы. 1955-67-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.