Ингуш Википедиясы
Ингуш Википедиясы (ингуш. Гӏалгӏай Википеди) — Википедиянын ингуш тилиндеги, расмий бөлүмү. 2018-жылдын 18-апрелинде inh.wikipedia.org сайтында түзүлгөн. Үч ай мурун, Викимедиа фондунун Тил комитети долбоорду жактырган[1]. 2018-жылдын 20-апрелине карата көпчүлүк макалаларды Wikimedia Incubatorдан жаңы доменге көчүрүү боюнча жумуштар аяктаган. Ингуш долбоору 10 жылдан ашык убакытты инкубатордо өткөргөн.
Ингуш Википедиясы ГӀалгӀай Википеди | |
URL: | |
---|---|
Долбоордун мүнөзү: |
Жакшылык |
Сайттын түрү: |
Тармактык энциклопедия |
Катталуу: |
Милдеттүү эмес |
Тили: | |
Ээси: | |
Иштеп баштаганы: |
19-апрель 2018-ж |
Макалалардын саны: |
2 192 (252-орун) |
Файлдардын саны: |
35 |
Баракчалардын саны: |
14 244 |
Оңдоолордун саны: |
66 000 |
Катталган колдонуучулары: |
4 659 |
Активдүү колдонуучулары: |
13 |
Администраторлору: |
2 |
Тереңдиги: |
140,1 |
Ingush Wikipedia |
Википедиянын Ингуш тилиндеги бөлүгү 2024-жылдын 15-июнь (кулжа) күнүнө карата өзүнө 2 192 макаланы камтыйт.
4 659 катышуучу катталган, алардын ичинен акыркы 30 күн аралыгында 13 катышуучу салым кошкон.
2 катышуучу администратор макамына ээ. Оңдоп-түзөөлөрдүн жалпы саны 66 000. Ингуш Уикипедиясынын администратору Муса Евлоев[2].
Булактар
түзөтүү- ↑ Requests for new languages/Wikipedia Ingush
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 26 -июль (теке) 2020. Түп булактан архивделген күнү 17 -июнь (кулжа) 2018.