Индекстүү файлдарды уюштуруу

Индекстүү файлдарды уюштуруу түзөтүү

Индекстүү файлдарды уюштуруу(Indexed file organization). Мында индекстүү деп аталган файл колдонулат. Индекс бир же бир нече сандык талаалардын маанилерин камтыган тизмеден турат жана файлдагы ар бир жазылышка тиешелүү дисктин дареги дал келтирилет. Индекс, жазылыштын талаа ачкычы сыяктуу өзүнчө талаага негизделет жана студент файлын алфавит иретинде же башка тартипте жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Файлга жаңы жазылыш кошулганда, жазылыштар өзгөргөндө же файлдан жазылыш алып салынган сайын индекс модификацияланып турат. Файлдын индекстештирилген жазылыштарына удаалаш же түз кайрылууга болот. Индекстештирилген файлда жазылышка түз кайрылуу үчүн компьютер индексти издейт, анын негизинде жазылыштын ачкычы табылат. Жазылыш дареги (ал дагы индекстештирилген файлда сакталат) башка жазылыштарды окубай эле файлдан түз эле жазылашты табуу үчүн пайдаланылат. Индекстештирилген файлдын артыкчылыгы – ар файл бирден көп индекске ээ боло алат жана ар бир индекс жазылыштарга тез жетүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. 2004-ж., ISBN 9967-14-014-3

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү