Индиэтноним. "Манас" эпосунда Индустанды таянган, Кесектин уулу Шоорук кан тууралуу баяндалган, жана башкалар айрым эпизоддордо кезиккен эл: “Жедигер менен инди бар, Шанкай менен кыргыз бар” (Курама варианты, 1, 149), Бул саптарга караганда И. кыргыз уруулары менен катар айтылууда. Демек, И. этнониминин “Манаста” эскертилиши бекер эмес. Эпостун саптарына орто кылымдарда кыргыз менен И. элдеринин кандайдыр бир бучкактарынын кирип калышы ыктымал. Мисалы, 17-кылымда Индия аскерлеринин мизин кайтарган, балх жоокерлерине жардам бергендердин арасында кыргыздар да болгону тарыхта белгилүү. Бул туралуу “Бахр альасрар” аттуу 17-кылымда жазылган фарси тилиндеги кол жазма баяндайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4