Интерпретатор – ар бир операторду ирети менен удаалаш которгуч, башкача айтканда интерпретатор оператордун кодун окуп, аны бир нече машина буйругуна которуучу жана кийинки буйрукка өтүүдөн мурда которулган машина буйруктарын аткаруучу программа. Компилер программасы болсо программаны толугу менен бир учурда которот. Интерпретаторлоо процессинде объекттүү модуль (программа) түзүлбөйт. Интерпретатордун артыкчылыгы ката табылар замат кабарлайт жана кийинки операторго өтүүдөн мурда катаны оңдоого программачыга мүмкүндүк берет. Интерпретатордун ыңгайсыздыгы, анын которгон программасы компилер түзгөн программага караганда жай аткарылат, себеби аткаруудан мурда программа машина тилине которулат. Көпчүлүк программа тилинин которгучтары интерпретаторду да, компилерди да камтыйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү