Инфантилизморганизмдин өсүшүнүн кечеңдеши; чоң кишинин дене түзүлүшүндө жана психикасында балдарга мүнөздүү белгилердин сакталышы. Инфантилизмге жугуштуу оорулар, уулануу, мээ, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, ички секреция бездеринин жабыркашы, ошондой эле сапатсыз тамактануу, гигиеналык жаман шарттар жана башка себеп болот. Инфантилизм жалпы (бүт организмдин жалпы өспөй калышы) жана толук эмес (айрым органдын, системанын жетилбей калышы) болуп бөлүнөт.

Жалпы Инфантилизмде дене түзүлүшү балдардыкына окшош назик, мажес, сөөктөрү ичке, жүрөгү кичине, кан басымы төмөн болуп, экинчилик жыныс белгилери начар өөрчүйт. Толук эмес Инфантилизмге психикалык жана жыныс Инфантилизми кирет. Психикалык Инфантилизмде мүнөзү туруксуз болуп, бат ишенчээк, таарынчаак, ой жүгүртүүсү тайкы, капарсыз, бала кыял, өзүмчүл келет. Жыныстык Инфантилизмге аялдарда эмчеги, жатыны өөрчүп жетилбей, жамбашы кууш болот, айызы такай келбей, көбүнчө төрөбөйт же боюнан көп түшөт, жатындан тышкары бойго бүтөт. Жыныстык И. аялдарга караганда эркектерде азыраак жолугат.

Инфантилизмди алдын алуу үчүн гигиеналык жакшы шарт түзүү, сапаттуу тамактануу, физкультура менен машыгуу, балдарды ден соолукту чыңоочу пионер лагерлерине, санаторийлерге жиберүү, ошондой эле Инфантилизмге түрткү болуучу ооруларды убагында дарылоо керек. Дарылоо Инфантилизмди пайда кылуучу себептерге жараша жургүзүлөт.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8