Иррадиация – кара (күңүрт) фондо ак (жарык) объектилердин өлчөмдөрүнүн чоңоюп, же тескерисинче, ак фондо кара объектилердин кичирейип көрүнүү кубулушу.

Иррадиация.

1-учурда иррадиация оң, ал эми 2-учурда терс деп аталат. Иррадиациянын себеби менен ичке кара жип же зым жаркырак жалындын фонунда үзүлүп калгандай болуп көрүнөт, жаңырган Айдын диаметри ошондо эле көрүнүп турган Айдын бозомтук дискасынан чоң болуп сезилет жана башка иррадиациянын чоңдугу ак фондун же жарык объектинин жаркырактыгы чоңойгон сайын өсөт.

Иррадиация көздүн оптикалык кемчиликтерине (аберрацияга), көздөгү дифракция кубулуштарына байланыштуу пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов