Ит мурун (лат. Rosa) – роза гүлдүүлөр тукумундагы жапайы өсүмдүк. Бадал, чанда лиана (чырмалма), кээ бири чөп сымал өсөт. Сөңгөгү, бутактары тикендүү, жалбырагы татаал, гүлү беш мүчөлүү, кош жыныстуу, желекчелери түркүн түстө, жалгыздан же топ гүлдөн турат. КМШ өлкөлөрүндө 250дөй түрү кеңири таралган. Кыргызстанда 22 түрү белгилүү. Мөмөсү майда жаңгакча, катуу түкчөлөр менен капталган. Ит мурун кант, крахмал, С, В2, К, Р витаминдер жана азоттуу заттарга бай. Анын мөмөсү тамак-ашка жана С витаминин алууда сырьё катары пайдаланылат. Элдик медицинада ит мурундун ашы демделип, боорду, өт баштыгын, ичегилерди, бөйрөктү, табарсыкты, аз кандуулукту дарылоодо ж. б-да колдонулат. Ит мурун жаратылышта ным жана суу сактагычы болуп эсептелет. Алардын тамырлары айланасындагы кыртышты бекем кармайт, селден сактайт, жер көчкүгө туруштук берет. Көп кездешүүчү түрлөрү борпоң ит мурун (Rosa laxa), тикендүү ит мурун, жазы тикендүү ит мурун ж. б.

Rosa rubiginosa.

Колдонулган адабияттар түзөтүү