Ихлас сүрөсү (арабча: سورة الإخلاص, Ыкылас), ошондой эле Аль-Таухид сүрөсү (араб. سورة التوحيد, Monotheism), — Курандын 112 сүрөсү. Уламалардын (аалымдардын) ою боюнча бул сүрө Меккеде түшүрүлгөн жана төрт айаттан турат.

Ихлас сүрөсү.

Сүрө түшүшүнүн себеби: Көп кудайга сыйынгандар Мухаммед пайгамбардан "Сенин Кудайың эмнеден жасалган?" деген суроону беришкенде жооп катары Ихлас сүрөсү түшүрүлгөн.

Арабча тексти түзөтүү


بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ


  1. قُلۡ هُوَ اللّٰہُ اَحَدٌ

  2. اَللّٰہُ الصَّمَدُ

  3. لَمۡ یَلِدۡۙ وَ لَمۡ یُوۡلَدۡ

  4. وَ لَمۡ یَکُنۡ لَّہٗ کُفُوًا اَحَدٌ

Транскрипциясы түзөтүү


Бисмилляхи-р-Рахмани-р-Рахим
1. Кул ху Аллах ху ахад
2. Аллах ху с-самад
3. Лам ялид ва лам юлад
4. Ва лам якун лаху куфуван ахад

Кыргызча мааниси түзөтүү

Ихлас1 сүрөсү
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
1. Айткын2: Аллах Жалгыз!
2. Аллах эч кимге муктаж эмес!
3. (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн!
4. Ага эч ким теңдеш эмес!

Кыскача түшүндүрмө түзөтүү

1 Ихлас - Ыкылас
2 Эй, Мухаммед!

Колдонулган адабият түзөтүү

  • "Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу". Baski Erkam Matbaasi-2006. - ISBN 9967-23-409-1

Которгондор:Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садибакас Доолов, Садык Гавай
Текшергендер:Кимсанбай Абдурахманов, Камил Абжапаров

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Муруңку сүрөө: Масад сүрөсү Сүрө 112Арабча текст Кийиңки сүрөө: Фалак сүрөсү