Ич келте, паратифичке ичегини сезгендирип, организмди жалпы ууландыруучу катуу кармама жугуштуу оорулар.

Оорунун козгогучтары — бактериялар. Алар сырткы чөйрөнүн түрдүү шартына жана жугушсуздандыруучу заттардын таасирине туруктуу. Мисалы, сууда жана жер кыртышында 2 жума, жашылча-жемиштерде 10— 15 күн, май менен этте 1—3 айга чейин сакталат. 50° температурада ысытканда бир сааттан кийин, кайнатканда тез өлөт. Ич келте оорулуу адамдан жана бактерияны алып жүрүүчүлөрдөн жугат. Козгогучтар оорулуу же бактерияны алып жүрүүчүлөрдүн заңы жана заарасы менен сырткы чөйрөгө чыгат.


Соо кишилер булганган тамак-ашты жегенде, булганган сууну ичкенде же ошол сууга түшкөндө, көпчүлүк учурда бактерия алып жүрүүчүлөрдүн кир колу жана кээ бир үй буюмдары аркылуу жугат. Жылуу мезгилде чымындар аркылуу да таралышы мүмкүн. Козгогуч ооз аркылуу ичке ичегиге кирип, анын былжыр челинде өсүп, көбөйүп, канга өтөт. Оорулуунун каны бүт денеге тарап, организмди ууландырат. Андан кан тамырлар, өзгөчө нерв системасы жабыркайт. Оорунун жашыруун мезгили 3—21 (көбүнчө 10—14) күнгө созулат.

Оору акырындык менен башталат. Бүт денеси шалдырап, алсызданат, уйкусу качып, тамакка табити тартпай, ишке жөндөмү төмөндөйт. Дененин температурасы бирде төмөндөп, бирде жогору көтөрүлүп, 4—6-күнүндө 39— 40°ка жетет. Айрым оорулуулар оору башталганда эле эсинен танат, жөөлүйт. Териси кургап кубарат, кармап көргөндө ысып турат. Оорулуунун ичи катат. Кээде суткасына 2— 3 жолу суюк өтөт. 8—9-күнү көкүрөк жана курсак терисинде майда кызыл тактар пайда болот.

Паратиф ич келтеден айырмаланып, катуу кармайт, көп учурда жогорку дем алуу органдары сезгенет (жөтөлөт, мурун бүтөт, тамак ооруйт); кээде суусайт, кускусу келип кусат, ичи ооруп өтөт.

Ооруну ооруканада гана толук дарылоого болот. Ооруканадан айыгып чыккандан кийин участкалык врачтын кароосунда болуп, 2—3 айга чейин врачтын көрсөтүүсү менен мүнөздөп тамактануу талапка ылайык. Майлуу, куурулган, өткүр тамак жешке болбойт. Бууга бышырылган эттен даярдалган азыктар, кефир, быштак, витаминдүү жана маңыздуу жашылча-жемиш ширелери сунуш кылынат.

Оорунун алдын алуу үчүн оорулууну жана бактерия алып жүрүүчүлөрдү өз убагында таап, дарылоо; оорулуу жаткан бөлмөлөрдү дезинфекциялоо; оорулуу менен бирге болгондорду (үйбүлөө мүчөөлөрү) лабораториялык текшерүүдөн өткөзүү жана аларды 21 күнгө чейин медициналык байкоо жүргүзүү зарыл. 0. эле өздүк жана коомдук гигиена эрежелерин туура сактоо: тамак ичерде колду самындап жууп, жашылча жемишти ысык сууга жууп жеп, сүттү жана сууну кайнатып ичүү, чымынга каршы күрөшүү, короо жайларды таза кармоо оорунун алдын алууда мааниси чоң.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8