Аньош Иштван Йедлик (мажарча - Jedlik Ányos István, ал эми латынча - Stephanus Anianus Jedlik, 1800-1895) – венгр физик жана электр-техник окумуштуусу, ойлоп табуучу, бенедикт чиркөөсүнүн диниятчысы.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Аньош Иштван Йедлик 1800-жылы 11-январда Австро-Венгрия падышалыгында Симөө (Szímő) шаарчасында, азыркы тапта Словакиянын Земне (Zemné) жергесинде) туулган. Анын энеси – мажарлардын тектүү бүлөсүнөн чыккан. Атасы болсо тегатына (фамилиясына) караганда словак тегинен болгон деп жоромолдонот. Анын ата-теги 1720-жылы Липтов (ал кезде - Liptó) аймагынан Симөө (Szímő) шаарчасына көчүп келген. Аньош оболу Надьсомбат (Nagyszombat) шаарында (азыркы словакиялык Трнава) жана андан соң Пожонь (Pozsony) шаарында (азыркы тапта – Словакиянын борбору Братислава - Bratislava) башталгыч жана орто мектепти аяктаган. 1817-жылы ал бенедикт чиркөөсүнө кирет. Бул христиандык ордендин мектептеринде таалим алат. Ошондуктан анын латынча ысымы да маалым (Stephanus Anianus). 1839-жылга чейин ар кыл бенедикт мектептеринде сабак берет. 1839-жылдан тартып кырк жыл бою Будапешт университетинде физика-механика кафедрасында окутуучулук кылат. 1848-жылы ал Көркөм өнөр факультетинин деканы болуп калат. 1848-жылы университеттин ректору да болуп калат. Ардагердикке чыккан соң Дьйөөр (Győr) шаарына көчүп кетет. 1895-жылы 13-декабрда Мажарстандын Дьйөөр (Győr) шаарында дүйнөдөн кайткан.

Илимий ишмердиги түзөтүү

 
Йедлик 1827-жылы ойлоп тапкан дүйнөдөгү туңгуч электр кыймылдаткычы

1827-28-жылдары дүйнөдө биринчи жолу айланып аракетке келүүчү электр кыймылдаткычтарын долбоорлогон. 1858-жылы ал өзүнөн өзү от алуу принцибин ачкан жана бул принципти униполярдык (жалпы уюлдук) генератордо колдонгон. Мажарлар (венгрлер) менен словактар аны динамо менен электр кыймылдаткычынын негизги ойлоп табуучусу деп санашат.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Мажарстан Илимдер академиясынын кабарчы мүчөсү (1858).
Мажарстан Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү (1873).
Вена шаарында өткөн Дүйнөлүк көргөзмө (1873-жылы) анын вольтту көбөйтүү аспабын “Өнүгүү үчүн” сыйлыгы менен сыйлаган.

Чыгармаларынын чакан тизмеси түзөтүү

  • (Латын тилинде) Tentamen publicum e Physica ... ex Institutine primi semestris Aniani Jedlik ("Public examination on Physics ... from the first semester education of Ányos Jedlik"). Pozsony. 1839.
  • (Латын тилинде) Tentamen publicum e Physica quod in regia univers. Hung. e praelectionibus ("Public examination on Physics for election to the Royal Hungarian University"). Pest: Trattner-Károlyi. 1845.
  • (Латын тилинде) Mathesis adplicata ("Applied Science"). Pest: Kőnyomat.

(Латын тилинде) Compendium Hydrostaticae et Hydrodinamicae usibus Auditorum Suorum adaptatum per Anianum Jedlik ("Compendium of Hydrostatics and Hydrodynamics. Lecture Notes adapted by Ányos Jedlik"). Pest: Kőnyomat. 1847.
Elements of natural science. 16. Pest: Eisinfels. 1850.

  • (Мажар тилинде) Viznyugtanhoz tartozó Pótlékok ("Supplements for science of still/calm water"). Pest: Kőnyomat. 1850.
  • Goldsmith, Irta (1851). Ányos Jedlik, Lecturer in natural sciences at the University of Pest in 1851. ed (in Hungarian). Fénytan ("Science of Light"). Pest: Kőnyomat.
  • Goldsmith, Irta (1990) [1851]. Ányos Jedlik, Lecturer in natural sciences at the University of Pest in 1851. ed (in Hungarian). Hőtan ("Science of Heat"). Budapest: Műszaki Könyvkiadó.

Ал тууралуу эмгектер, макалалар түзөтүү

  • Mayer, Farkas (1995) (in Hungarian). Jedlink Ányos (1800–1895) Családfája ("Family tree"). Magyar Tudománytörténeti Intézet munkatársai (Hungarian Institute of the History of Science, Árpád Király chief ed.). p. 1.
  • Singer, Charles Joseph; Williams, Trevor Illtyd (1954). A history of technology. Clarendon Press. p. 187. ISBN 1-56072-432-3.
  • Sisa, Stephen (1995). "42. The Hungarian Genius". The Spirit of Hungary: A Panorama of Hungarian History and Culture. Ontario, Canada: Vista Books. p. 308. ISBN 0-9628422-0-6.
  • Simon, Andrew L. (1999). "Engineering: The Early Years". Made in Hungary: Hungarian Contributions to Universal Culture. Simon Publications. p. 246. ISBN 0-9665734-2-0.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү