Кайра жаралуу доорундагы гуманизм

Кайра жаралуу доорундагы гуманизм 15–16-кылымда Италияда (айрыкча Флоренцияда) чыккан маданий кыймыл, аны Ф. Петрарк баштаган. 15-кылымда Германияга, Францияга, жарым жарты Англияга ж. б. өлкөлөргө өткөн.

Рафаэлдин «Афина мектеби» Фрескасында, Пифагор жана Аристотелдин жанында Леонардо жана Брамантанын сүрөтөлгөн


Гуманизм жана кайра жаралуунун чыгышынын тарыхый себеби адепки буржуазиялык доордун убагында шаарлардын, экономикалык жана социалдык өнүгүп-өсүшү, жаңы адамдын пайда болушу, өзүн-өзү аң-сезимдүү бекемдөөгө, тарбияга муктаждык болгон. Италиялык гуманисттер өздөрүн «даанышман же оратор» деп эсептешип, адамды өнүктүргөн жана көркүнө чыгарган багыттагы сабактарды өткөрүшкөн. Кайра жаралуу гуманизм түшүнүгүн талдоо илим жаатында башталган. Социалдык топтор, белгилүү бир коомдун чегинде жалпы кызыкчылыгы, жүрүм-турум нормасы боюнча түзүлгөн адамдардын туруктуу жыйындысы. Ар бир топтордо адамдардын өз ара жана коом менен өзүнчөлүк карым-катышы болот.

Гоббс өзүнүн «Левиан» деген китебинде топтор түшүнүгүнө так аныктама берген. Бул термин бара-бара экономикалык жана саясий мүнөздөмөлөр үчүн да колдонула баштаган. Социалдык топтор чоң, орточо жана кичине болуп бөлүнөт.
Чоң социалдык топторго: таптар, социалдык катмарлар, кесиптик топтор, этностук жалпылык (улут, эл, уруу), жаш курагы боюнча топтор (жаштар, пенсионерлер) ж. б.
Кичине топторго ар түрлүү топтор: үй-бүлө, өндүрүш ячейкалары, коңшулук бирикмелер, достор компаниясы, мектептик класстар ж. б. кирет. Ар түрдүү социалдык топтор бекем иерархияны түзбөйт, бирок бир-бирине таасир берет.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8