Калбаев Орунбек 1923-жылы азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу, Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.

  • 1941-жылы 7-классты бүтүргөндөн кийин, Улуу Ата мекендик согушка кеткен.
  • Армияда Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын 1073-полкуна туш келип, чалгындоо ротасында кызмат кыла баштайт.
  • 1942-жылдын сентябрь айында оор жаракат алып, госпиталга түшөт.
  • 1943-жылы өз айылына келет да, 1944-жылдан баштап ардактуу эс алууга чыкканга чейин, 47 жыл Көк-Арт өрөнүндөгү көп мектептерде мугалим болуп эмгектенген.
  • Ошол иштеп жүргөн убакта эле, өзүнүн да билимин өркүндөтүп, жогорку билимге ээ болот.
  • Согушкандыгы үчүн бир топ юбилейлик медалдар менен сыйланган.
  • 1997-жылы ноябрь айында 79 жашында каза болгон.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3