Калокагатия - (грекче kalokathia, kalos – кооз, сулуу, agathos – жакшы, мыкты, ак көңүл) – антикалык эстетиканын так которулбаган термини; индивиддин сулуулугун шартаган ички жана сырткы гармонияны түшүндүрөт. Антикалык коомдун социалдык-тарыхый өнүгүшүнүн ар кандай мезгилдери жана ой жүгүртүүнүн типтерине байланыштуу аталган термин ар кандайча түшүнүлгөн. Калокагатия түшүнүгү алгачкы жолу «жети кыдыр» деп аталган «жети акылман» менен байланышкан материалдарда кездешкен. Солон калокагатияны «Берген убаданы бекем сактоо» менен байланыштырат. Пифагорчулар калокагатия деп адамдын ички сапаттары аркылуу аныкталган анын сырткы жүрүм-турумун аташкан. Кийинчерээк антикалык коомдогу социалдык дифференциациага байланыштуу «калокагатия» түшүнүгүнүн жогоруда аталган жалпы мааниси такталат да, ар кандай мааниге ээ болот. Калокагатиянын аристотелдик аныктамасы Геродоттун жрецтердин (дин кызматкерлеринин) каада-салттары тууралуу чыгармаларында кездешет. Платон калокагатияны аскердик каармандык, «тубаса» сапаттар ж-а тукум кууган өзгөчөлүктөр м-н байланыштырган. Жеке чарба өнүккөн шарттарда «калокагатия» терминин өз ишин мыкты билген, үнөмчүл ж-а сарамжалдуу чарбакерлерге карата пайдалана башташкан. Б. з. ч. 5-к-дын аягында софистиканын пайда болушу м-н «калокагатия» термини окумуштуулук м-н билимдүүлүктү түшүндүрө баштаган. Ушул маанисинде «калокагатия» түшүнүгү софистерге гана эмес, бийик маданияттын өкүлдөрүнө да карата пайдаланылган. Ксенофонт, Платон жана Аристотель кологакагатияны философиялык маанайда түшүнүшкөн. Алар калокагатия деп ички жана сырткы дүйнөнүн гармониясы (шайкештигин) түшүнүшкөн. Мында ички дүйнө катары адамды калокагатига алып келген акылмандык түшүндүрүлгөн.
Ксенофонт мындай гармониянын идеалы катары Сократты атаган. Ошону менен катар эле Ксенофонт калокагатияны ички жана сырткы дүйнөнүн ажырагыс биримдиги катары кароо аркылуу аны жерде кадыресе маанидеги жакшы иш-аракеттен, даанышмандыктан жана сулуулуктан айырмаланган. Платон Калокагатияны дене менен жандын гармониясы, ажырагыс биримдиги катары чечмелеген. Платондун тексттеринде калокагатия бакыт, акыл, сырткы мыйзамдардан көз каранды эмес эркин ынаным жана турмуштун жыргалчылыктарын туура пайдалануу менен байланыштырылган. Аристотель калокагатияны байлык, ден соолук ж. б. сезимдик жана табигый жыргалчылыктар менен байланыштырып , аларды зыянсыз түрдө колдонууну калокагатия деп түшүнгөн. Мында сырткы дүйнө эмес, сезимдик жыргалчылыктарды рухий мазмунга каныктырган ички дүйнө кооз, сулуу дүйнө катары каралат. Калокагатия инсан менен ички дүйнөнүн айкөлдүгүн ажырагыс биримдиги болуп саналат, мындай биримдик адамдардын бардыгына ар кандай деңгээлде мүнөздүү. Эллинизм доорунда болуп өткөн индивидуализм менен психологизмдин андан аркы өнүгүшү калокагатияны табигый же тубаса сапат эмес, моралдык көнүгүүлөр менен машыгуулардын натыйжасы катары кароого алып келген. Бул болсо классикалык мазмундагы калокагатияга чоочун болгон калокагатиянын моралистик түшүнүгүнүн жаралышын шарттаган. Калокагатия антикалык эстетиканын өнүгүшүнүн баардык социалдык-тарыхый тепкичтерине таандык болгон борбордук түшүнүк болуп эсептелет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8