Калып:Портал:Кыргызстан/Инсан

Токтогул Сатылга́нов (1864-жылы азыркы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында туулуп - 1933-жылы каза болгон) - кыргыз акыны, ойчул, композитор, комузчу. Бала кезинен ыр-кууге шыктуу болуп, 13 жашынан ырлары айыл арасына тарай баштаган. Революцияга чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», «Жүргенум Кабак жер болду») эмгекчи элди эзуучулердун бетин ачып, течсиздикке жек керуу сезимин билдирген. Ал эл тарабында туруп, алардын таламын талышкан, эзүүчүлөр эмгекчилердин душма¬ны экендигин баса көрсөтүп, алардын кыл-мышын ашкерелеп ырдаган. Манаптардын жалган жалаасы м-н 1898-ж. Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деп өлүм жазасына өкүм чыгарылып, Сибирге 7 жылдык сүргүн м-н алмаштырылган. 1903-ж. сүргүндөн кай-тып келген.
калганы...