Кальций нитраты, кальций селитрасы, Са (NO3)2 – азот к-тасынын кальций тузу. Жаратылышта нитрокальций минералы Са (NO3)2 · 4Н2О түрүндө кездешет. Түссүз кристалл, эрүү t 42,7оС. 51,60С жогору ысытканда суусуз кристалл Са (NO3)2 пайда болот. Балкып эрүү t 561оС жогорку темп-рада ажырап, СаО жана NO2 пайда кылат. Тыгызд. 2,36 г/см3. Темп-ра жогорулаган сайын эригичтиги жогорулайт. Нымды соруп алуу касиетине ээ. Ошондуктан аны абасыз жерде сактоо керек. Кальций нитраты акиташ суусуна азот к-тасын таасир этүүдөн алынат:

Са (ОН)2 + 2 НNО3 =Са (NО 3)2+2 Н2 О

Бул туз негизинен азот жер семирткичи катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү