Каменский (Эйдис) Михаил Давыдович

Каменский (Эйдис) Михаил Давыдович (декабрь, 1889, Киев губерниясы, Звенигород уезди, Шпола кыштагы —өлгөн жылы жана жери белгисиз) — советтик жана партиялык ишмер. Москвадагы 2 жылдык марксизм-ленинизм курсун (1926) бүтүргөн. Падышалык бийлик тушунда революциялык ийримдерге катышкан деген айып менен камалган (1907). 1907—11-жылы түрмөдө отуруп, жашыруун революциялык иштерди жүргүзгөн. 1911—17-жылы армияда кызмат өтөп, 1918—19-жылы Украинада ар кандай партиялык, советтик кызматтарда, 1921—24-жылы Томск губерниялык комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылдан РКП(б) БК Орто Азия боюнча бюросунун Фергана облустук бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылы ноябрдан 1925-жылы августка чейин партиянын Кыргыз обкомунун 1секретары. Каменский чарбалык тажрыйбасы жок, сабаты тайкы жана жергиликтүү элдин маданий-турмушун жакшы билбегендигине карабастан, саясий багытты түшүнгөн, жазма жана оозеки көрсөтмөлөрдү, партиялык чечимдерди так аткарган. Өздөрүн батрак катары көрсөткөн адамдарга (Кудайкулов, Бабаханов) таянып, Кыргыз обкому жана облустук аткомундагы жооптуу кызматкерлерди (жергиликтүү лидерлерди) Москвадан чакырылган адистер менен алмаштыруусу кыргыз жетекчилердин нааразычылыгын туудурган. Натыйжада И. Айдарбеков, Т. Кудайбергенов, А. Сыдыков жана башка башында турган топ обкомдун туура эмес линиясына каршы кат даярдап, ага 30 киши кол койгон. Ал кат тарыхта «отузчулардын арызы» же обкомго каршы манифест катары белгилүү. Улут саясатын ишке ашырууда мекеме-ишканаларда кыргыз тилинин абалынын төмөндүгү, мамлекеттик, партиялык аппаратка кадр тандоодо жеке адамдын көз карашы, кыргыз кадрларын бийликтен четтетүү, куугунтукка алуу жана башка облустагы саясий абалдын курчушуна, ачык күрөшкө алып келгендиги катта көрсөтүлгөн. 1925-жылы 29—30-июлда РКП(б) нин Орто Азия боюнча бюросунун жыйыны текшерүү комиссиясынын докладын угуп, «отузчулардын арызын» жана аракетин партияга каршы, улутчулдук, бай-манаптык топ катары баалаган. Каменский 1926—41-жылы Түндүк Кавказ крайкомунда, Чечен облустук партия уюмунда, Шахты, Саратов, Ярославль шаарында партиялык жооптуу кызматтарда, 1941—44-жылдарда Кыргызстандагы Красная Речка МТСинин директору, 1945-жылдан СССР айыл чарба министрлигинин Башкы башкармалыгында улук экономист болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү