Кан препараттары
Кан препараттары - дарылоо максатында кан ордуна куюлуучу суюктуктар.
Кан препараттары составы боюнча 5 топко бөлүнөт:
- 1) белоктуу (донордун плазмасы, кан сары суусу, желатиноль),
- 2) коллоиддүү (пектин, полиглюкин, полийинилпирролидон),
- 3) туздуу (натрий хлоридинин изотониялык эритмеси, Рингер-Локк эритмеси),
- 4) шокко каршы суюктуктар (туздуу, коллоиддүү туздуу),
- 5) белок гидролизаттары (гидролизин, аминопептид).
1-топтогу Кан препараттары кан ордуна, ууланууга каршы, кан токтотуу жана парэнтералдык тамактануу үчүн; 2-тобу - кан айлануу кескин түрдө бузулганда, түрдүү ууланууда; 3-тобу - суу жана электролит балансын калыбына келтирүүдө; 4-тобу шоктун алдын алуу жана дарылоодо; 5-тобу - парэнтералдык тамактанууда колдонулат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8