Капила ([хиндиде |कपिल ऋषि}}) – б. з. ч. 7-кылымдагы байыркы индиялык ойчул, санкхья деп аталган дуалисттик мүнөздөгү философиялык системанын негиздөөчүсү. Окуунун “санххья” деп аталышы (санскриптче “сан”, “саноо”, “эсеп”) космостун элементерине санак жүргүзүүгө негизделгени менен байланышкан. Капиланын окуусу ведаларга таянганы менен өз алдынча көз караштарды иштеп чыккан. Бирок, Капиланын сутралары биздин күнгө чейин сакталып калган эмес. Капила веданта менен миманса деп аталган философиялык окууларга каршы маанайдагы дуалисттик системанын автору болуп эсептелет. Анын пикири боюнча дүйнө бири-бирине көз карандысыз эки негизден турат:
1. Пуруша – дүйнөнүн акыл-эстүү башаты, ал нерселерден сырткары жашайт жана түбөлүк өзгөрбөс аң-сезим болуп эсептелет.
2. Пракрити – дүйнөнүн материлдуу негизи, дайыма өзгөрүп жана кыймылдап турган субстанция болуп саналат.
Анын рахатты, азапты, кайдыгерликти, ошондой эле активдүүлүк менен пассивдүүлүктү пайда кылган үч акциденциясы, касиети же “гунасы” бар. Андай элементтер болуп раджас (активдүүлүк, күч, умтулуу), тамас (пассивдүүлүк, эрксиздик, караңгы) жана саттва (жарык, рух) эсептелишет. Сулуулукка, акылмандыкка жана чындыкка умтулган нерселерде саттва үстөмдүк кылса, бардык пассивдүүлүктүн, чектелгендиктин жана караңгылыктын (түшүнбөстүктүн) элементи болуп тамас эсептелет. Күжүрмөндүүлүк кубаты жана агрессивдүүлүк раджаста камтылган. Эгерде адамда саттва үстөмдүк кылса, анда ал ток пейил, сергек, сар-санаасыз, түйшүксүз өмүр сүрөт да, бактылуу болот. Раджастын адамы жашоого, байлыкка, бийликке, жыргал турмушка умтулат да, азаптын чексиз сазына батат. Тамастын адамдары түркөй, жалкоо, бардыгына кайдыгер жана көңүл кош жашайт. Пуруша менен пракритинин биримдиги аксак менен сокурдун кызматташтыгына окшош: сокур (пракрити) өзүнө жол көрсөткөн аксакты (пуруша) далысына көтөрүп жүрөт. Пуруша менен пракритинин биригүүсүнөн ааламдын улуу түйүлдүгү “махат” пайда болгон. “Махат” интеллектке ээ, анын пайда болушу менен дүйнөдөгү бардык материалдуу жана рухий элементтер жаралышкан. Мындай элементердин жалпы саны – 25. Адамдын рухий дүйнөсү эркин жана түбөлүктүү. Анын дене менен биригүүсүнүн натыйжасында азап-тозок келип чыгат. Ошондуктан, денеден бошонуу азап-тозоктон арылууга алып барат. Азаптардан кутуулунун негизги жолу болуп сезимдер менен материалдуу дүйнөнүн азгырыктарынан баш тартуу саналат.

Капила


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8