Каптал эрозиясы – агын суулардын таасиринен өзөндүн жээктеринин, капталдарынын жемирилиши, оюлушу, урап түшүшү. Дарыялар түздүктө мелмилдеп жай агат. Суу менен келген агынды (кум, чопо, топурак, тектердин кесек талкаланган бөлүкчөлөрү) суунун нугуна, түбүнө чөгөт. Суу жогору көтөрүлүп, тайыздап, кечмеликке айланат. Ошол убакта өзөндүн жээги, капталы жемирилип, жар пайда болот. Жардын түбү эшилип, оюлуп, урап түшөт. Суу нугунун туурасы кеңийт. Мындай көрүнүш каптал тектеринин түзүлүшүнө, камдашуусуна, борпоңдугуна, рельефке, аккан суунун ылдамдыгы менен өлчөмүнө, ошондой эле климаттык шартка, жаан-чачындын аз-көбүнө байланыштуу болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү