Караева Амиракан 1921-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган.

Эмгек жолун “Ачы” айылында чарбада эмгектенип баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жана андан кийинки оор жылдары кылган эмгеги бааланып, 1955-жылы БСыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Андан кийинки жылдары 38 жыл саанчы болуп иштеп, көптөгөн жаштарга үлгү болгон.

Бир нече медалдардын ээси. Эмгектин ардагери.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3