Кара-Алматопоним. Шоорук кан Алайда жаткан окчу кыргыз уруусун чаап алганда Манас кол курап, элге кабар жибергенде кыргыздар жашаган жер катары эскерилет: Кара-Кулжа тарынан, Көкүрөк, Көгарт баарынан, Кара-Алма кайкы белинен, Калба деп кыргыз элинен (Сагымбай Орозбаков, 2. 206). Географиялык реалияда Көгарт алабындагы өзөн, өрөөн.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4