Кара-Кулжа (айыл)
(«Кара-Кулжа, Кара-Кулжа району» барагынан багытталды)
Кара-Кулжа, Кара-Кулжа району – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак, райондун борбору. Кара-Кулжа айыл округуна караштуу. Кара-Кулжа суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1440 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Ош шаарынан 105 км чыгыш тарапта. Калкы 11,8 миң (2009); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто жана мектеп-интернат, маданият үйү, оорукана, бейтапкана, мейманкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.
Кара-Кулжа | |
Кара-Кулжа | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Ош облусу |
If: |
Кара-Кулжа району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны |
([[]]) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9