Кара-Көл

Кара-Көл (шаарча)‎»‎ барагынан багытталды)

Кара-Көл (байыры кыргызча: 𐰴𐰀𐰺𐰀:𐰚𐰇𐰠) шаары — дубандын борбору Жалал-Абад шаарынан 175 км түндүк-батышта, Таш-Көмүр темир жол бекетинен 78 км аралыкта.

Шаар
Кара-Көл
Желек
Желек
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад облусу
Координаттар 41°38′ с. ш. 72°40′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги 930 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 21 300[1] адам
Улуттук курамы Кыргыздар (94,3%),
Орустар (3,4%),
Өзбектер (0,7%),
Татарлар (0,6%)[2]
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 3746
Почта индекси 721000
Кара-Көл (Кыргызстан)

1962-ж. Токтогул ГЭCин куруучулардын шаарчасы катары негизделген. 1977-ж. 17-январда шаар статусун алган.

Нарын дарыясынын сол жээгинде, Бишке—Ош жолунун боюнда. Климаты континенттик; январдын орт. температурасы —3°C, июлдуку 23—25°C. Жылдык жаан-чачыны 300—500 мм. Калкы 24 миң (2001); көп улуттуу, негизинен кыргыз (80%), орус (10%), өзбек (2,6%), татар (3,2%), азербайжан (0,2%), белорус, тажик, армян, украин, казактар ж.б. жашайт.

Азыркы шаар жайгашкан жер Жазы-Кечүү деп аталган. Малга жайлуу болгондуктан, жергиликтүү эл негизинен мал чарбачылык менен тиричилик кылган. Айрым жерлерге жүгөрү, таруу, шалы (күрүч) эгишкен. Кеңеш бийлиги орногондон кийин колхоздоштуруу башталып, эки колхоз түзүлгөн (Фрунзе жана Молотов атындагы). 1950-жылдары эл чарбасын өнүктүрүү үчүн пахта өстүрүү колго алынып, Жазы-кечүү айылынын калкы Ноокен ооданынын аймагына көчүрүлгөн.

1960-жылдары Токтогул ГЭCинин курулушу башталган. 1962-ж. куруучулар үчүн мурдагы айылдын ордуна турак жайлар курулуп, мектеп, үйлөрдү жылытуучу буу казаны, коомдук тамактануу, мед. тейлөө мекемеси, мончо, байланыш бөлүмү ишке кирген. Кийинки жылы 25 миң м2 болгон турак жайлар, турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинаты, бала бакча, бейтапкана ж.б. бүткөрүлгөн. Маданият үйү бар. Учурда Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭCинин каскады, «Достук заводу», «Нарынгидроэнергиякурулуш», «Гидромонтаж», «Аэродромкурулуш» ж.б. 12 акционердик коом иштейт. «Нарынгидроэнергиякурулуш» акционердик коомунда 3000дей киши иштейт. Республиканын бардык аймактарында жана Бишкек, Ош шаарларында курулуш иштерин жүргүзөт. Түркиянын «Cуусамыр—Интер», «Энтес», Ирандын «Кейсон», «Ирдопаз» жол реконструкциялоочу фирмалары менен кызматташууда.

«Кыргызгидроатайынкурулуш» акционердик коому Камбарата, Ташкөмүр, Шамалдысай ГЭCтеринде жана Өзбекстан Республикасындагы Резаккамчик ашуусундагы тоннелге, ал эми «Гидромонтаж» акционердик коому Үчкоргон, Ташкөмүр, Камбарата, Атбашы ГЭCтеринде курулуш-монтаждоо иштерин аткарган. «Аэродромкурулуш» акционердик коому Бишкек—Ош автомобиль жолун реконструкциялоодо 3 млн сомдук иш бүткөргөн (1999). Рыноктук экономиканын шартына өтүүдө бир топ реформалык иштер жүргүзүлүп, натыйжада шаарда 4 кичи ишкана, 1 кооператив, 117 жеке ишкер, 2 менчик дүкөн, 11 жоопкерчилиги чектелген дүкөн ишке киргизилген. «Ротор» кичи ишканасы 1996-ж. түзүлгөн. Бөтөлкөлөрдүн оозун бекитүүчү капкактарды чыгарат. Анда 44 киши иштейт. Ичимдик чыгарган «Нурлан-Алко» жоопкерчилиги чектелген коомдо 17 киши иштейт (2001). 1999-жылга карата жогоруда аталган ө. ж. ишканалары 29132 млн сомдук продукция өндүргөн. 1999-ж. 1-апрелде Бишкек—Ош автомобиль жолунун боюнда «Кыргызтелеком» акционердик коомунун шаар жана эл аралык кварцтык телефон байланыш пункту, 2000-ж. 105 орундуу базар пайдаланууга берилген. Кара-Көл шаары Бишкек—Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкандыктан Кыргызстандын бардык аймактары менен байланышта. Автобус (Каракөл—Жалал-Абад, Каракөл—Токтогул, Каракөл—Өзгөрүш) үзгүлтүксүз каттайт.

2000/01-окуу жылында шаарда 6 орто, 2 негизги мектеп, музыкалдык мектеп, балдардын чыгармачыл үйү, 2 китепкана, 3 бала бакча, спорт мектеби, ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл инженердик факультети (1962-ж. Бишкектеги политехникалык институтунун даярдоо бөлүмү катары ачылып, 1963-жылдан тех. факультети уюшулган).

Кесиптик-техникалык окуу жайы, «Кайыңды» эс алуу лагери (жылына 600—800 бала эс алат), «Энергетик» спорт комплекси (200 орундуу, күрөш, каратэ, футбол ж.б. спорттун түрлөрү менен машыгышат) иштейт, ошондой эле маданият үйү да бар. Кара-Көл шаардык борборлоштурулган ооруканасында 398 киши эмгектенет (а. и. 86 врач, 137 мед. орто билимдүү адистер), андан сырткары 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 фельдшер-акушердик пункт, төрөт үйү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаар тибиндеги кыштактарынын калкынын саны, Численность населения Кыргызской Республики на 1 января 2017 года (орус.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 21 -сентябрь (аяк оона) 2020.
  2. Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область Archived 2011-08-10 at the Wayback Machine Калып:Архивировано